Зульфия Абдыгафаровна биз менен 2016-жылдан бери кызматташып келет.
Бул мезгил аралыгында кардарыбыз сэндвич жана таттуу токочтордун түрлѳрүн ѳндүрүү боюнча жеке менчик цехин ачты.
Зульфия Абдыгафаровна бир орунда турбайт, ар дайым ѳнүгүүнүн жолдорун издеп, ассортиментин кѳбѳйтүп келет. Ал эми биздин компания ага жардам берүүгѳ дайым даяр!
20 жылдан ашуун убакыттан бери мал чарбачылыгы менен алектенип келет. Чоӊ үй-бүлѳсү бар. Насыяны бодо малдын башын кѳбѳйтүү максатында алган.
Насыя тарыхчасы жакшы, тѳлѳмдѳрдү убагында ишке ашырат.
Мындан ары да «Элет-Капитал» МФКнун кардары болууну жана алдыга койгон максаттарына жетүүнү каалайт. Биз Нурланбек Абдыкеримович менен жемиштүү кызматташтык жүргүзгѳндүгүбүз үчүн кубанычтабыз жана ага ойлогон ой-максаттарынын орундалышын каалайбыз!
Якубжан Ураимжанович жеке ишкердик менен алектенет. Улуттук нандарды жасайт. Бул чѳйрѳдѳ 32 жылдан бери эмгектенип келет. Биздин насыялардын жардамы менен жеке менчик дүкѳнүн ачып, ѳзүнүн товарын сатууда.
Якубжан Ураимжанович жакшы иш менен алектенет жана биз ага жардам берип жатканыбыз үчүн кубанычтабыз!
Карим Мансурович соода-сатык менен алектенет. «Элет-Капиталдан» алган ыӊгайлуу жана жеткиликтүү насыялардын жардамы менен товарынын ассортиментин кеӊейтип, сатуулардын кѳлѳмүн кѳбѳйткѳн жана туруктуу кардарларды топтой алган.
Карим Мансуровичке бардык иштеринде ийгиликтерди жана алдыга койгон максаттарынын ишке ашышын каалайбыз!
Максат Жаныбекович бүтүндѳй Москва районуна стоматологиялык кызматтарды кѳрсѳтѳт. Мындан тышкары, ал мал чарбасы жана ѳсүмдүк ѳстүрүү менен да алектенет. Ак-Суу айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү кеӊешинин депутаты, ошондой эле «Элет-Капитал» МФК ЖАК Беловодское филиалынын туруктуу кардары.
Биздин компаниядан алынган насыялардын жардамы менен жеке менчик стоматологиялык кабинетине керектүү жабдууларды сатып алган. Муну менен катар эле, малынын башын да кѳбѳйткѳн. Кардарыбыздын насыя тарыхчасы абдан жакшы жана кечиктирип тѳлѳѳ болгон эмес.
Биз Максат Жаныбекович менен жемиштүү кызматташтык жүргүзгѳнүбүз үчүн кубанычтабыз жана кардарыбызга бейпилдик, алдыга койгон максаттарынын ишке ашышын каалайбыз.